IMG_4720
IMG_20170720_102926
P1200423
P1040959
DSC_0109
DSCN9573
previous arrow
next arrow

КОШ КЕЛИҢИЗДЕР!

Жеңиш айылында курулган «Балдардын Ден-соолукту Чыңдоо Борбору» жакыр үй-бүлөөлөрдөгү майып балдарга жардам берүү максатында курулган. Бул Борбор Коомдук Маданий-Кайрымдуулук Фонду “Сүйүү Жарыгына” тиешелүү. Бул Борбор балдар эс алыш үчүн багышталган, зарыл учурларда гана башка адамдарды да кабыл алабыз. Борбор көлдүн жээгинен 100 метр аралыкта, тынч жана кооз жерде жайгашкан. Ысык-Көл дүйнөдөгү эң чоң жана терең (702 м) көлдөрдүн бири, 1600 метр бийиктикте жайгашып, жыл бою тоңбойт. Жанында токой жана мөңгүлөр менен капталган Тянь-шань тоосу жайгашкан. Борбордун мындай жайгашуусу бир гана көл жээкте эс алуу менен чектелбестен, андан тышкары того чыгуу, шаркыратмаларга баруу жана ысык булактарга түшүү менен да коштолот. Балдардын баары Борбордо бекер эс алышат.

Бир эле убакта Борбор 90го жакын балдарды кабыл ала алат. Комнаталар 2, 3, 4 жергиликтүү жана үч чоң залдар бар. Борбордо бардык ыңгайлуулуктар бар: жылуу суу, ванна, туалет, эки столовый. Көлдүн жээги Борбордон 100 метр алыстыкта жайгашкан.

Лагер учурда балдар тоолорго экскурсияларга, оюндарга, волонтерлор аркылуу уюштурулган билим берүү жана спорттук машыгууларга катышышат.

администратор: Ольга – issykcenter@mail.ru – 557-101906
директор: Отец Реми – rkalski@jesuits.net – 556-613830

772009, с. Жениш, ул. Жеек,
Жетиогузский Район

Борбор структуралык бөлүктөрдөн турат

Коомдук Маданий-Кайрымдуулук Фонду “Сүйүү Жарыгы” адреси: проспект Манаса 41/149, 720017 Бишкек, Кыргызстан;

тел. 312-318932;